Таш-Көмүр шаарында муктаж үй-бүлөлөргө кышкы жылуу кийимдер таратылууда

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибияты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, көп балалууларга кышкы жылуу кийимдерди таратууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда баш имам хатиб Мураталы ажы Мансуров билдирди.

Анын айтымында, Якутия жергесинде жашап, эмгектенген Таш-Көмүр шаарынын уул-кыздары 2018-жылдан бери ар тараптуу кайрымдуулук жардамын көрсөтүп келет.

Быйыл дагы кышка карата муктаждарга жардам катары жылуу кийимдерди жөнөтүшкөн. Кийимди өлчөмүнө жараша алып кетүүдө шаар тургандары хатибиятка кайрылса болот.

“Соопчулук ишинде өздөрүнүн ысымдарын ачык айткысы келбеген мекендештерибиз мындай кайрымдуулуктарды дагы уланта беришээрин билдиришти. Мындан сырткары  шаарыбызда курулуп жаткан жаңы мечиттин килемин дагы алып беришти”-деди баш имам хатиб.