Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби бейтаптардан кабар алды

Бүгүн, 25-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков авто кырсыктан жапа чеккен жана бутунан жабыркап кестирүүгө мажбур болгон шаар тургундарынан кабар алды.

Тагдырдын татаал сыноосуна туш болгон мекендештерге жылуу сөздөрүн айтып, алардын тез сакайып кетүүсүн Жараткан Алла Тааладан сурап дуба кылды.

“Ооруканаларда жана үйлөрүндө түрдүү оорулар менен ооруп жаткан  бардык мекендештерибизге Жараткандан шыпаа тилеп,  дарт берген Аллахым дабасын кошо берсин дейбиз. Элибиз бөөдө кырсыктан алыс болуп, үй-бүлөсү менен аман болсун”,-деди Абсатар ажы.