«Адам жаны аманат»: Жол эрежесин сактоодо айдоочуларга түшүндүрүү иштери мечиттерден башталды

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы «Сыдык» мечитинде «Адам жаны аманат» иш-чарасынын алкагында жамаатка түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда мечиттин имамы Мирбек ажы Абдурасулов билдирди.

Анын айтымында, бир жума бою район боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Иш-чара алгач мечиттин жамаатынан башталган.

«Мечитибиздин жамаатына жол эрежесин сактоого жана бизге берилген аманатка кыянат кылбоого чакырдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айдоочулардын саны өтө көбөйүп, унаа жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Андыктан жок дегенде бир кишиге болсо да айтып, жеткирели дедик. Бизден таасирленип сактана турган болсо, бизге чоң ийгилик болот»,- деди Мирбек ажы.