Ак-Талаадагы мечиттин жылуулугу үчүн жеке ишкер 100 миң сом берди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мечиттин жылытуу системасын коюуга жеке ишкер 100 миң сом каражатын бөлүп берди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитинде жылуулук системасы жок болгондуктан улам кышкысын мечит жамааты кыйналып келишкен. Мечиттин жылуулугу үчүн айыл жаштары тарабынан акча чогултулуп баштаган.

«Мечитке жылуулук системасын киргизүүгө айыл жаштары өз ыктыярлары менен акча чогултуп башташкан. Жалпысынан 100 миң сом керек болгондуктан «МС Билдинг» курулуш фирмасынын кожоюну, Ак-Талаалык Мурадил Сыдыковго айыл жаштары кайрылышкан. Жеке ишкер Кара-Бүргөндөгү мечитке  жылуулук системасына керектүү материалдарды алууга 100 миң сом каражат тапшырып берди. Жаштардын сунган колун суутпай, колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык билдиребиз»,- деди ал.