Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов «Берешен» медалы менен сыйланды


Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотоновго «Берешен» медалын тапшыруу боюнча атайын буйрукка кол койду.

Сыйлыкты Азирети Муфтий Муфтияттын эмгек жамаатынын катышуусунда Өзүбек ажыга тапшырды.

«Аалымдарыбыздын эмгектери ар дайым бааланышы керек. Ошондуктан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы аалымдарды кадырлоо максатында атайын орден жана медалдарды иштеп чыгып, 2018-жылдын бери аалымдарыбызга тапшырып келебиз»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий Өзүбек ажы Чотоновго бекем ден соолук каалап; «Эң улуу сыйлыкты Алла Таала тапшырсын. Коомчулук үчүн жасаган ишиңиздин үзүрүн көрүңүз»,-деди Азирети Муфтий.

“Берешен” медалы Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып жана ошондой эле элибизге жасаган кайрымдуулук иштерине опол тоодой салым кошкондорго берилип келет.

Өзүбек ажы Чотоновдун кыскача өмүр таржымалы

Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов 1958-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институна тапшырып, 1981-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошондой эле 1983-жылы КММИнин клиникалык ординатурасын бүтүргөн. Андан кийин 1983-91 жылдары медициналык институттун хирургиялык стоматология кафедрасында ассистент жана илимий кызматкер болуп иштеген.

Өзүбек ажы Чотонов медицина темасына арналган 26 ойлоп табуу жана рационалдык сунуштардын автору. Ошондой эле 30га жакын медициналык илимий эмгектери бар. Медициналык илимден сырткары, ал диний илим алууга дагы дилгир болуп, 1991-жылы Чуй обласына караштуу Восточный айылындагы медресеге тапшырып, 1995-жылы аяктаган.

1996-жылдан баштап, 2010-жылга чейин «Дил мүрөгү» адеп-ахлак борборунун мүдүрү болуп эмгектенген. Өзүбек ажы көптөгөн диний китептердин автору. Алардын ичинде: 400дөн ашык диний, коомдук публицистикалык макалаларды жазып, 15 китепти автору. КМДБ түзүлгөндөн бери диний кызматкерлерге, өзгөчө медресе мугалимдерине ар кандай колдоо көргөзүп келет.

Алардын ичинде: Жүзгө жакын мечит, медресе, поликлиника, ФАПтарды салдырган. Жетим-жесирлерге 300дөн ашык үй куруп, көп жылдан бери кедей-кембагалдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Ислам динин жайылтууда массалык-маалымат каражаттары аркылуу (гезит, журнал, ТВ, радио) көп жылдар диний маалыматтарды жеткирип турган. Алардын ичинен «Коломто рух ордосу», «Айыл кечтери», «Насыйкат», «Акыйнек», «Жаштар сүйлөсүн» телеберүүлөрдүн автору жана негиздөөчүсү болгон.

Бүгүнкү күнгө чейин кайрымдуулук менен алектенип, мектептерде, ЖОЖдордо жолугушуу, тегерек стол, лекцияларды уюштуруп, агартуу ишин жүргүзүп келет. Өзүбек ажынын программасы менен 2002-жылдан 2006-жылдарга чейин өлкөбүздө орто мектептерде ыйман сабагы берилип келген.