КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында сынак өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен кыз-келиндер  арасында атайын сынак өттү.

Иш-чаранын башталышында КМДБнын Орусиядагы өкүлү билимди инсан күнүгө алып туруусу керектигин, илим аркылуу инсандын жан дүйнөсү агара тургандыгын билдирди.

«Эне үйдүн куту эмеспи. Андыктан аялзатына аяр мамиле жасап, аларга туура багытты беришибиз керек. Эне-бул баланын келечеги. Эне билимдүү болсо бала дагы билимдүү болот»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Сынак алкагында фыкх китебинен:

  • Даараттын 4 парзы.
  • Даараттын 13 сүннөтү
  • Даараттын мустахабдары
  • Дааратты буза турган нерселер
  • Гусулдун 3 парзы
  • Гусулдун 7 сүннөтү
  • Гусулду ваажип кылуучу нерселер
  • Гусул алуу сүннөт болгон убакыттар
  • Суунун өкүмдөрү
  • Таямум
  • Таямумдун эрежелери
  • 40 парзды чечмелөө
  • Маасыга масх тартуу
  • Хайиз учурунда тыюу салынган нерселер
  • Нифас

Муну менен катар Куранды тажвид эрежеси менен окуу боюнча дагы кыз-келиндер өз күчтөрүн сынап көрүштү.

«КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү жарандарыбызга  Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө бардык аракеттерди көрүп, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын окууларды уюштуруп келебиз. Чет жерде жүргөн жарандарыбыз ар кандай терс диний агымдарын тузагына илинип калбоосу үчүн дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Москва шаарында иштеп жана окуп жүргөн кыз-келиндер арасында өткөн сынактын жыйынтыгында атайын белек-бечкектер таратылып, катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришти.