Муфтияттын жыйындар залында ишкер айымдардын катышуусунда отурум болуп, сунуш-пикирлер айтылып, жумушчу топ түзүлдү

Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында ишкер айымдардын катышуусунда отурум болуп  өттү.

Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты.

Отурумдун алкагында Азирети Муфтийдин орун басары аялзатынын коомдогу ордуна токтолуп, Муфтияттын алдында түзүлгөн айымдар борбору боюнча маалымат берди.

«Эне-бул мектеп, университет жана академия. Андыктан биз энелерибиздин билим деңгээлин жогорулатууга бардык аракеттерди көрүп келебиз. Эне билимдүү болсо, балдар дагы билимдүү болуп, ар кандай терс диний агымдарга кошулуп кетпейт. Экинчиден эне үйдүн куту, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми КМДБнын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов КМДБнын алдында 2016-жылдан тарта атайын айымдар үчүн системалуу түрдө иш алып барган окуу борборлору ачылып, айымдар үчүн Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын сабактар уюштурулуп келээрин билдирди. Муну менен катар КМДБнын аппарат жетекчиси муфтият маалыматтык базасын кеңейтип, учурда атайын фатва бөлүмү үчүн darulifta.kg сайтын иштелип чыгып, анда бардык маселелер камтылгандыгын маалымдады.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы коомчулук менен байланышты түзүүдө бардык аракеттерди жасап, көйгөйлөрдү чечүүдө бирге иш алып барууга ынтызар. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 23 аялдар борбору иш алып барууда. Алардын ишмердүүлүгү КМДБ тарабынан көзөмөлдөнүп, атайын түзүлгөн программанын алкагында иштөөдө»,-деди Равшан ажы Эратов.

Ал эми отурумдун катышуучулары  «Балдарга кам көрүү»,  «Айымдардын укуктарын коргоо», «Билимдүү айымдардын коомун түзүү»,  «Окуу борборлорунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу»,  «Айымдар үчүн атайын өзүн-өзү каржылоо боюнча долбоорлорду окутуу», «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу»,  «Эркек менен аялдын укуктары жана милдеттерин түшүндүрүү» темаларын талкуулашты.  

Ал эми коомдук ишмер Айжан Акылбекова айымдарды комплекстүү билим алууга үйрөтүү керектигин айтып, аялзаты колдоого муктаж экендигин билдирди.

«Жолугушуу менен эле ишибиз токтоп калбайт. Биз айымдар менен иштөөдө бардык аракеттерибизди көрүп,  онлайн сабактарыбызды, жолугушууларыбызды  уланта беребиз жана сиздер менен болгон байланышууну бекемдейбиз»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары.

Ал эми жыйындын соңунда келип түшкөн сунуш-пикирлерди аткаруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, атайын программалар иштелип чыккан соң, келечекте айымдар үчүн семинарлар жана тренингдер уюштурулмакчы.