Аялдын үй-бүлөдөгү орду

Бардык мактоолорго Аллах гана татыктуу, себеби Ал бүткүл улуу сыпаттардын Ээси жана баардык айыптардан Таза. Анын акыркы элчиси Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбызга жана анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына салам жана салаваттарыбыз болсун.

Идеалдуу аял болууга умтулбаган аял жок болсо керек. Кээ бирлери ачык айтпаганы менен, жүрөгүнөн идеалдуу болууну каалайт. Баары каалаганы менен, жашоодо бардык аялдар андай эмес экенин көрүп жүрөбүз. Көрсө каалап эле коюу жетиштүү эмес экен. Максатка жетүүнү каалоо менен бирге жолду да туура тандоо зарыл. Араб акыны «..жолдорун баспай туруп кутулууну каалайсыңбы?  (Бирок кечирип кой)  кеме кургак жерде сүзбөйт» деп  айткандай.

        Аялдын  идеалдуу болуусунун сыры, үй-бүлөдө өз ордун жакшы билүүсүндө жатат. Ким жана кайсы нерсе болсун, өз ордунда турбаса ал баркталбай калат. Кызыл алма, шагында жана жашыл жалбырактардын арасында турса кооз көрүнөт. Байкуш аял канчалык ачылып, жасансам, адамдардын көбүн  каратсам, ошончо жакшы деп ойлоп, тескерисин кылып жатканын билбейт. Үй-бүлөлүү же турмушка чыга элек болсун,  аялдын кадыр-баркы, урмат-сыйы  үйүнүн төрүндө. Көчөгө чыгып кеткен аялдын издегени үйүндө калып кетти. Аял көчөгө чыкса бузукулуктун жайылуусуна себеп болот.  Албетте,  зарылчылык менен чыгуу мындан сырткары.

      Аял үй-бүлөдөгү ордун ата-энесинин тарбиясы, ислам динибизден толугу менен үйрөнө алат. Анткени куттуу ислам динибизде аялга тиешелүү бардык маселелерди Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыз айтып кеткен. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аялдары, кыздары, сахаба аялдар үйдө аялдын орду кандай болоорун жашоолору менен көргөзүп беришти. Шариятыбыздан айланып кетсек болот, биздин бул кыска, убактылуу жашообуздун тынч, таза өтүүсү үчүн бардык зарыл нерселерди баяндап берди.

    Аял эгерде турмушка чыга элек болсо, ата-энесине кызматчы болот. Ал экөөнүн айткандарын аткарып, ыраазы кылып, дубасын алат. Себеби Аллах Куранда Өзүнө ыйман келтирүүдөн кийин эле, ата-энеге жакшылык кылууга өкүм кылган. Ата-эне ыраазы Аллах ыраазы.  Аял ата-энесине кандай жакшы мамиле кылса, эртең ошондой мамиле кыла турган нерзенттүү болот. Ата-бабаларыбыз бекеринен «Бул дүйнө кайтар дүйнө» деп бекеринен айтышпагандыр. Ата-энесине кылган мамилени эртең эле балдарынан көрөт. Ата-эненин кызына кылган дубасы тез кабыл болот. Өзү да намаздан кийинки дубаларында Аллах Куранда үйрөткөндөй: «О, Роббим! Ата-энем жаштыгымда мени мээримин төгүп чоңойткондой, Сен да аларды мээримиңе бөлө» деп дуба кылып жүрөт. Ата-энеси динден алыс болсо, аларга даанышмандык менен диндин жакшы жактарын айтып, кызмат менен көргөзөт. Алардын ачуусу келе турган иштерден, сөздөрдөн алыс болот. Аял турмушка чыкканга чейин атасына, турмуштан кийин күйөөсүнө күнөө эмес болгон иштерде баш ийүүсү милдет.

Ошондой эле, бир тууган агаларына, инилерине, эже-карындаштарына жылуу-жумшак мамиледе болот. Аларга билген нерселерин үйрөтүп, Алланы, Пайгамбарыбызды таанытып, туура жолго түшүүлөрүнө себепчи болот. Аял кишинин колунан кээде эркек кыла албаган иштер келет. Адилеттүү Умардын (р.а.) динге келүүсүнө карындашы себеп болгон. Кыямат  күнү ал кылган амалдарынын сообунан кемитилбестен карындашына да берилет.

Эң негизгиси, турмушка чыкканга чейин, ата-энесинен, өз алдынча диний китептерден, күйөөсүнө, кайната, кайненесине кандай мамиле кылуусун жакшылап үйрөнүүсү зарыл.

Тумушка чыккандан кийин аялга жаңы жоопкерчиликтер жүктөлөт. Эми ал, күйөөсүнүн сүйүктүү жубайына айланды. Аллах Куранда, момун эркектер менен, аялдарды, бири-бирине дос деп айткан. Достун иши жардам берүү. Аял күйөөсүнө бардык жакшы иштерде жардам берет. Ага каршы чыкпайт, тоң-моюндук кылбайт. Күйөөсүнө толук баш ийет. Себеби, күйөөсүнүн артында Аллахтын «баш ийгин» деген буйругу турат. Куттуу хадистерде, тоң моюн аялга, өтө оор, коркунучтуу жазалар берилээри айтылган. Кайсы аял күйөөсүнө баш ийсе, ал Пайгамбарыбыздын айтканын кылып, ага баш ийгендей сооп табат.

Аллах Куранда, жубайлар бири-бирине кийим экендигин айтат. Эми кийимдин аткарган кызматын, пайдаларын карап көрсө, аял-эркек үй-бүлөдөгү өз ордун оңой эле таап алат экен. Аалымдарыбыздын  айткан сөздөрүнө карасак, кийим эң биринчи денеге ылайыктуу, кенен да эмес, тар да эмес болуусу, уят жерди (авратты) жабуусу, жылуу-жумшак, денеге эң жакын болуусу, денедеги кээ-бир кемчиликтерди көргөзбөй жаап туруусу, мезгилдерге жараша болуу, себеби жашоодо ар кандай мезгилдер өтөт. Жыттуу болуусу, жаанда калса дене менен бирге суу болуп, ысык күндөрү бирге болуусу. Жана башка биз жазбаган көптөгөн пайдалары бар себептен, кийим сөзүн Аллах Куранында колдонуптур.

Аял киши  үй-бүлөдө күйөөсүнүн орун басары болот. Күйөөсү жокто үйдүн бардык жоопкерчилиги аялга жүктөлөт. Мисалга алсак, үйдү коргоп-сактоо, таза тутуу, жат бирөөнү киргизбөө, балдарынын тарбиясын көзөмөлдөө ж.б. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жакшы аялдын сапаттарын: “Эгерде, ага карасаң кубандырат, буйрук берсең баш ийет,  анын жанында жок болсоң, ал сени (жана буюмдарыңды) сактап-коргоп жүрөт» —  деп баяндайт деген.

Аял киши кайната-кайненесин өз ата-апасындай сыйлап урматтоосу кажет. Аялынын бул ишин көргөн күйөөсү кубанып, башы асманга жетип, аялына болгон сүйүүсү, урмат-сыйы ан сайын артат. Эртең эле ошол мамилесин, келининен көрөт.

Күндөр өтүп аял наристелүү болот. Бактылуу апага айланат. Сүт аркылуу өзүндөгү бардык сапаттарын баласына берет. Балдарынын тарбиясына, алар менен көп болгондугу себептен апа жооптуу болот. Балага Аллах менен, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен, атасы жана башка адамдар менен болгон мамилени апа үйрөтөт. Атанын урматын, айбатын, сүрүн, баланын жүрөгүнө апа салат. Тафсир китептеринде келет, Нух (а.с.) пайгамбардын аялынын аты Вахила болгон. Ал күйөөсү пайгамбар болгонуна карабай хидаят нурунан, жаман мамилеси себептен куру калган. Нух (а.с.) балдарына ыйман, адеп, жакшы тарбия үйрөткөн. Күйөөсү кеткенден кийин Вахила балдарына “атаңар сүйлөй берет” деп, балдарын  бузуп турган. Ал аялга Кыямат күнү «тозокко кир» деп айтылаары Куранда баяндалат.    Балдарынын бирин өзү менен тозокко алып кеткен. Апа кыздарынын көзүнчө, күйөөсүнө кылган мамилеси менен тарбия берет. Кыздары кийин күйөөлөрүнө ошондой мамиле жасашат. Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

Ар бир улуу адамдын артында аял киши турат. Коомчулукту оңдоодо аялдын ролу зор. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.), сахабалардын, табииндердин доору сонун болгон дейбиз. Анын себеби ал доордо такыба, шариаттын сызыгынан бир аз да чыкпаган, Кыяматка чейин келе турган аялдарга үлгү боло турган аялдар болгон. Үлгү алам дегендерге Хадича (р.а.) энебиз, Айша (р.а.) энебиз, бейиштеги аялдардын ханышасы Фатима (р.а.) энебиз жетиштүү.

Аял киши үйдөгү ордун жакшы билип, жоопкерчиликтерин так аткарса, андай аялга бейиштин бардык эшиктери ачык. Хадисте: «Кайсы аял беш убак намазын окуса, орозосун тутса, уяттуу жерин сактаса, күйөөсүнө баш ийсе, ага Кыямат күнү; «Бейиштин өзүң каалаган эшигинен кир» деп айтылат»-деп келет.

Аалымдарыбыз аялдар туурасындагы бардык Куран, хадистерди окушуп төмөнкү жыйынтыкты айтышат: “Эгерде аял  үч нерсени өзүнө бекем тутса, бул дүйнөдө да бактылуу, акыретте да бактылуу болот. Ал үч нерсе; Аллага ибадат кылуу, күйөөгө баш ийүү, балдарга жакшы тарбия берүү”.

Баарыбыз бул жашоодогу ордубузду жакшы билип, жоопкерчиликтерибизди так аткарууга жараткан Аллах жардам берсин.

Даярдаган: Ош облустук мусулмандар казыятынын фатва жана үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси   Марат уулу Баястан