Бейиштеги аялдар

  Аллах Таала адам баласын өтө кымбат кылып жараткан. Жаратылган бардык нерселердин баасы бар, бирок адамдын Аллах алдында баасы чексиз. Эркек болсун аял болсун баалуу болуп жаратылган. Албетте,  бул дуйнөдө баалуу, кадырлуу, эртен акыретте да кадырлуу болуу учун, Аллах Таала Өзүнүн өкүмдөрүн буюрган. Ошондуктан аял затына түбөлүктүү жашоодо, бейиште, ханыша болуусу үчүн аз гана амал жетиштүү. Себеби, ислам дини аялзатынын даражасын бийик кылган. Аз гана ыйман, ихлас, илим менен кылынган амалы аркылуу бейиштик ханыша болууга Аллах Таала мүмкүнчүлүк берген.  Абу Хурайрадан (р.з) риваят, Алланын Элчиси (с.а.в) мындай деп кабарлайт: «О, момун аялдар, силердин бирөөңөр кошуна аялга койдун шыйрагын тартууласа да, аны аз деп эсептебесин» (Муттафакун алайхи). Арзыбаган койдун шыйрагын да тартуулоосу аркылуу Аллахтын ыраазычылыгына жете турганы бул хадистен билинди.                                                                                

Абдурахман бин Ауф (р.з)  риваят кылат, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Качан аял беш маал намазын окуса, орозосун тутса, намысын сактаса жана күйөөсүно баш ийсе, анда ага жаннаттын эшиктеринин каалаганынан кир деп айтылат». (Ахмад).  Беш маал намазын окуган аял бейиштик. Таза учурунда фарз орозону туткан аял бейиштик. Намысын сактаса, күйөөсүнүн козуно чоп салбай, күйөөсүнөн башка адамдарды төшөгуно жолотпогон аял бейиштик. Жолдошуна итаат кылып, анын көзунө тике карабай, сөзүн эки кылбаган аял бейиштик. Кээ бир аялдар күйөөлөрүн баш ийдирип, кул кылгысы бар. Менин айтканымдай болот деп жолдошун кул кылгысы келет. Бирок, натыйжада ал аял кулдун аялы болуп калганын сезбей калат. Ал эми күйөөлөрүн сыйлап, падыша кылган аял натыйжада падышанын аялы болот. Демек, бейиштик аялдардын сыфаты ибадат итааттын ичине камтылган экен. Аалымдар айтат: «Торт амал аял затын бейишке карай жолдойт. 1) ыйман 2) ибадат 3) итаат 4) тарбия. Бул сыфаттар бугунку кундо жашоодо толук эмес. Бири болсо, экинчиси болбойт. Бирок, Жараткан Аллах бардык аял затынын ушул жана башка ийманий сыфаттар менен жашоосун кооздосунан умут кылабыз.

Бир аалымдан кимдир бирөө: “Менин бейиштеги аялым ким болот?” — деп сураптыр Анда аалым: “Бул дүйнөдөгү аялын менен чогуу болосуң” — дептир. Аны уккан баягы адам тобо чачы тик туруп: “Андай болсо аялым менен тезирээк ажырашайын. Бул дуйнодо азап бергени аз келгенсип, Кыяматта да азап чегип калбайын” – деген экен. Бейиштик аялдар биз ойлогондой эмес. Себеби, Аллах Таала бейиштик аялдарды сырткы бардык айыптардан таза кылган. Жада калса ички жан дүйнөсүн да таптаза кылган. Келбети, тулку бою келишкен, жан дуйносу ыйманий, Мухаммадий сыфаттар менен кооздолгон. Аллах Таала Куранда айтат: « Алар учун бейиште таптаза жубайлар бар» (Бакара 25). «Таптаза»  дегени – Ички жана сырткы бардык айыптардан таза. Бейиштеги аялдарды көргөндө жылдап эстен танып кала турган болуп жаратылган. Кыргызда соз бар:  “Аялдын сулуулугу ажарында, эркектин сулуулугу акылында”. Аллах Таала бардык аял затын бейиштик ханыша кылсын.                               

Даярдаган: Нарын казыятынын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси  Максат Турдубеков