Жаназа өкүмдөрү

Өлүм төшөгүндөгү оорулуу жөнүндө

1. Өлүм төшөгүндөгү оорулууну оң жагы менен жамбаштатып, кыбылага каратып коюу сүннөт.

2. Жүзү кыбылага карай турган абалда башын көтөрүп, асманга каратып койсо да болот.

3. Күбөлүк келмесин айтууга мажбурлабастан, үн чыгарып, кайталап айтып туруу сүннөт.

4. Өлүм төшөгүндөгү оорулуунун жанында жакындарынын жана кошуналарынын болуусу мустахаб.

5. Оорулуунун жанындагылардан бири анын баш тарабында олтуруп, Ясин сүрөсүн окуйт. Кээ бир аалымдар Роъд сүрөсүн окууну ылайык көрүшкөн. Куран окулуп жатканда айыз жана нифастуу аялдар жана жунубтар оорулуунун жанында туруусу же чыгып туруусу боюнча кайчы пикирлер бар. Чыгып турушат дегендер жогоруда айтылган абалдагы кишилер бар жайга периштелердин келбешин; ал эми чыкпайт дегендер оорулуунун жакыны, кошунасы болгондуктан булардын туруусу мустахаб экендигин жана алардын Куранды угууларына эч кандай тоскоолдук жоктугун айтышат.

Оорулуунун жаны үзүлгөндөн соң жасала турган иштер

1. Оорулуунун жаны чыккандан соң, жаагы таңылат, көздөрү (кол менен) жумдурулат, кийимин чечип, жука нерсе менен оролот, жаткан жайынан алып, салкын жерге жаткырылат.

2. Көздөрүн жумдурган киши төмөнкү дубаны окуйт: “Бисмиллаахи ва аъла миллати росулуллох”. Мааниси: “Аллам, Сенин атың менен жана Пайгамабарыбыздын шарияты астында бул өлүктүн көздөрүн жумдурамын. Аллам, анын ишин, аркы дүйнөдөгү абалын жеңилдет, аны алдыңа барышынан канааттанган жана саадаттуу кыл. Келген ааламын кеткен ааламынан жакшыраак кыл”.

3. Андан соң дене шишип кетпеши үчүн курсагынын үстүнө темир (же таш) коюлат.

4. Колдору жанына узатылып коюлат. Колдорун көкүрөгүнө коюуга болбойт (бул жөөттөрдүн жана христандардын адаты).

5. Жуулганга чейин өлүктүн жанында Куран окуу жеңил макрух.

6. Өлүм окуясын элге угузуунун зыяны жок, жамааттын көп болуусу үчүн мустахаб.

Денени жууп, көмүүгө даярдоо

1. Киши өлгөндөн соң, шашып, аны тезирээк коюу аракети көрүлөт.

2. Киши өлүшү менен жыттуулар так санда себилген атайын тактайга ыңгайлуу абалда жаткырылат.

3. Анан авраты (уят жери) бекитилип, кийимдери чечилет.

4. Намазды билбей турган жаш балдардан башка бардык өлгөндөр ооз-мурундары жуулбастан, даарат алдырылат.

5. Анан самын менен кайнатылган жылуу суу, ал да болбосо, жылытылган суу анын үстүнө куюлат.

6. Биринчи башы жана жүзү үч ирет жуулат. Андан соң денени сол тарабы менен жаткырып, оң тарабы үч ирет жуулат. Куюлган суу дененин тактайга тийип турган жерине чейин жеткизилет.

7. Андан кийин оң тарабына жамбаштатып, сол тарабы үч ирет жуулат.

8. Анан гассал (жуучу) денени сүйөп, өзүнө сүйөнтүрүп өткөрүп, акырын курсагын төмөн карай сылайт. Кокус ушул учурда нажас чыкса, аны жууп салат. Кайрадан баштап жуубайт.

9. Анан сүлгү же мата менен арчып кургатат жана кепинделет.

10. Баш жана сакалга бир нече нерселерден даярдалган ханут атыры жана сажда кыла турган мүчөлөрүнө (маңдай, мурун, кол, тизе, буттарына) кафур атыры сүртүлөт, (ханут болбосо, анбар мүшүгүн колдонууга болот).

11. Дене жуулуп жатканда (ооз, мурун сыяктуу тешик орундарга) суу кирбеши үчүн кездеме (пахта) тыгылбайт.

12. Тырмак жана чачтары алынбайт.

13. Сакал-чачтары таралбайт.

14. Аял киши күйөөсүн жууса болот, бирок эркек киши аялын жууй албайт. Анткени аял башка күйөөгө тийүүдөн мурда, бойкат болсо, төрөшүн күтүүсү же идда тактап айтканда төрт ай жана он күн (турмушка чыкпай) күтүшү керек. Ошондуктан өлгөн күйөө да номахрам (чоочун) эмес. Бирок эркекте мындай абал жок, ал кенен-кесири үйлөнсө болот, тактап айтканда маркум аял үчүн күйөөсү чоочун эркек өкүмүнө өтөт.

15. Кожоюнунан баласы бар күң аял да кожоюнун жуубайт.

16. Эркектердин арасында өлгөн (жалгыз) аялды бул эркектерден бири колуна чүпүрөк ороп (жуугандын ордуна) таямум кылдырат.

17. Аялдардын арасында өлгөн (жалгыз) эркекти да бул аялдардан бири колуна чүпүрөк ороп, таямум кылдырат.

18. Мындай учурларда өлүктүн жакындарынан бирөө болсо, колуна чүпүрөк оробостон таямум кылдырат.

19. Хунасага тактап айтканда, эркектик да аялдык да мүчөсү бар инсан да (аялдардын же эркектердин арасында өлсө,) риваят боюнча (жуубастан) таямум кылдырылат.

20. Наристе кызды эркек, наристе эркекти аял жууса болот (анткени балагаттан мурда адеп орундары аврат (уят жер) болуп эсептелбейт).

Денени жерге көмүү аракети кимдин милдети?

1. Аялдын (жуулушу, кепинделиши, көмүлүшү) кедей болсо да күйөөсүнүн милдети.

2. Мүлкү болбогон өлүктүн кепини мойнуна милдет болгон (саламат учурунда кароого мажбур ата, уул сыяктуу) туугандарына тийиштүү.

3. Тирүү учурунда эч кимиси болбогон өлүктүн көмүлүшү байтул мал (тийиштүү шаар, кыштак башкармалыгы тарабынан болот.

4. Байтул малдын каражаты болбосо же бербесе, бул жоопкерчилик элдин арасындагы байлардын мойнуна жүктөлөт.

Шариятка ылайык кепин

1. Эркектердин сүннөт болгон кепини комийс, изар жана лифафа.

2. Эркектердин жетиштүү кепини изар жана лифафа. Кепиндин ак кездемеден (пахтадан) болгон матадан болгону жакшы. Изар жана лифафанын узундугу башынан аягына чейин. Комийс көйнөк боюнан буттун учуна чейин болуп, чөнтөк жана жеңдери болбойт. Жамбаш тарабы болбойт, эки чети бириктирилип тигилбейт, жакасы төмөнгө карай ачылбайт.

3. Кепин өлүктүн биринчи сол, анан оң тарабынан оролот. Ачылып кетүү ыктымалы болсо байланат.

4. Аял кишини көмүүдө жогоруда айтылган кепиндерге дагы химар (жүзүн жаба турган мата), хирка (көкүрөгүнөн тизесине чейин кеңдикте оролгон мата) кошулат. Аялдардын жетиштүү кепини изар, лифафа жана хирка.

5. Аялдын чачтары эки ором үлгүсүндө өрүлүп, комийс (көйнөк) үстүнөн көкүрөгүнө коюлат. Андан соң химар менен жүзү жабылат, анан изар, лифафа болуп, анан хирка оролот. Кепиндер оролбостон туруп, так санда жыттуулар сүртүлөт.

6. Дагы “Зарылдык кепини” да бар, такатап айтканда эмне тапса өлүк аны менен оролуп, көмүлөт.

Жаназа намазынын өкүмдөрү жана түркүктөрү

Жаназа намазы парз кифая тактап айтканда жетиштүү парз (өлүктүн айланасындагы элден бир бөлүгү окушу менен башкалардын мойнунан парз милдети алынат. Бирок эч кимиси окубаса баары бирдей күнөөлүү болушат). Түркүктөрү такбирлер жана кыям.

Шарттары

Жаназа намазынын башка намаздардан айырмасы алты шарты бар:

1. Өлүктүн мусулман болушу.

2. Өлүктүн (жана ага коюлган орундун) таза болушу (өлүк жамааттын алдына коюлганда дал имам сыяктуу, өзү да орду да таза болушу керек).

3. Өлүктүн жамааттын алдында болуусу.

4. Дененин толук бүтүн абалда же көбүрөөк бөлүгү же башы менен денесинин жарымы бар болуусу.

5. Жаназа окуучунун, эгерде үзүрлүү болбосо олтурган же (бир унаага) минген болбоосу.

6. Жаназанын (өлүктүн) жерде болуусу. Колдо көтөрүп же унаанын үстүндө коюлган абалда жаназа окуу га болбойт. Ал эми жер өтө ыплас болсо мындан сырткары.

Түшүндүрмө: Жаназа намазын баштаардан мурда имам эгерде өлүк эркек болсо, “Эркек кишинин ниетине”, аял болсо, “Аял кишинин ниетине”, бала болсо, “Эркек баланын ниетине” же кыз бала болсо, “Кыз баланын ниетине” деп бийик добуш менен айтып коюусу, азанчынын арты саптарга жеткириши керек.

Жаназа намазынын сүннөттөрү

Жаназа намазында төрт сүннөт бар:

1. Мейит аял же эркек болсун, имам анын көкүрөгүнүн тушунда турат.

2. Биринчи такбирден кийин сана окуу.

3. Экинчи такбирден кийин салават (намаздагы “Ташаххуддан кийин окула турган салаваттарды) окуу.

4. Үчүнчү такбирден кийин мейитке арнап дуба окуу.

Жаназа намазында мейитке арналган дуба

Мейит үчүн атайын белгиленден дуба жок. Бирок төмөнкү дубаны окуу жакшыраак:

Аллохуммагфирли хаййинаа ва маййитинаа ва шахидинаа ва гоибинаа ва согийринаа ва кабийринаа ва закаринаа ва унсаанаа. Аллохумма ман ахйайтаху миннаа фа ахйихии ъалал Ислам. Ва ман таваффайтаху минна фа таваффаху ъалал ийман.

Мааниси: “О Роббим! Тирүүбүздү жана өлүгүбүздү, бул жерде болгондорду жана болбогондорду, кичүүлөрүбүздү жана чоңдорубузду, эркек жана аялдарыбызды кечиргин. Аллам, Бизден туула турган жаңы нерселерди Ислам дини менен дүйнөгө келтир. Ажалы жетип жашоодон көз жумгандардын жандарын ыйманы менен алгын”.

5. Төртүнчү такбирден кийин дуба кылбай, салам берилет.

6. Биринчи такбирден башка такбирлерде колдор көтөрүлбөйт.

7. Имам (жаңылып,) беш такбир айтса, жамаат аны ээрчибестен салам беришин күтүшөт.

8. (Балагатка жетпеген) жаш балдар жана жиндилер үчүн күнөөлөрүн кечиришин сурап окуй турган жаназа дубасы жок, анткени алар күнөөсүздөр).

9. Жаш балдар үчүн балдар үчүн: “Аллохуммажъалху (ха) лана фаротав важъалху(ха) лана ажров ва зухров важъалху лана шаафиъ(ат)ав ва мушаффаъа(х)”.

Мааниси: “Аллам! Бул өлгөн наристени биз үчүн даярдалган сооп кыл. Аны бизге сооп, акыретибиз үчүн түбөлүк жакшылык эт жана аны бизге шапааты кабыл болгон шапаат кылуучулардан кыл”.

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казысыРуслан ажы Жумагулов