Таласта дин кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди

Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Кум – Арык айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинин кеңсесинде кезектеги жыйын өттү.

Жыйынга Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, анын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев жана райондордун баш имам хатибтери катышышты.

Жыйында райондордун баш имам хатибтери ар бир имамдардын ишмердүүлүгү, жасалган иштери (кайрымдуулук, нике кыйуу, жаназа окуу, жаштар менен иш алып баруу, терроризм экстримизм тууралуу түшүндүрү иштерин жүргүзүү ) боюнча маалыматтарды беришти. Облус казысы Таалайбек ажы Бапиев аталган тапшырмалар канчалык деңгээлде аткарылганы боюнча өз баасын берип, төмөнкү маселелер боюнча иштөөнү милдеттендирди.

Алар төмөнкүлөр:

  1. Кырдаалга байланыштуу санитардык талаптарды так сактоо;
  2. Мечиттердин каттоо кагаздарын тез арада бүтүрүү;
  3. Айдоочуларга «Адамдын жаны аманат» аталышындагы түшүндүрү иштерин жүргүзүү;
  4. Бардык мечиттерди жылуулук менен камсыздоо;
  5. Имамдардын сапаттык билим деңгээлин көтөрүү. ж.б.