Файзулла ажы Мурзалиев: Айдоочулар жол эрежелерин так сактаса сооп табат

Бишкек шаарындагы «Бакай Ата» мечитинин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев мечиттин жамаатына кайрылып, унаа башкарууда өтө кылдат болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда билдирди.

Анын айтымында, негизинен сабактар Ханафи мазхабынын негиздери боюнча уланды. Анда унаа башкарууда жол эрежесине көңүл бурууга чакырды.

«Биздин милдет эскертүү болуп саналат. Балким кээ бирлер амал кылып, чоң кырсыктан аман калуусу мүмкүн. Анткени жол кыймылын камсыздоодо коюлган эрежелер ар бирин белгилүү тажрыйбадан кийин максаттуу түрдө айдоочулардын пайдасы үчүн орнотулган. Демек биз үчүн пайда болгон нерсени аткарсак шариятыбыз да колдойт»,- деди Файзулла ажы. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасы менен «Адам жаны аманат» аталышында ордо калаада дин кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.