Ленин районундагы мечиттерде жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

«Адам жаны аманат»  аталышында Бишкек шаарынын Ленин районундагы мечит имамдары райондун баш имам хатиби Сүйүн ажы Кулуевдин тапшырмасынын негизинде түшүндүрүү иштерин уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда райондун башкы имамынын орун басары Болот ажы Кулуев билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара Бишкек шаарынын казысынын тапшырмасы менен бардык мечиттерде башталды. 

«Жамаатка кайрылып бул ишти уюштурууда көмөк көрсөтүүнү каалагандар менен бүгүн атайын маалымдамаларды чыгарып, даярдап койдук. Буюрса имамдардын катышуусу менен айдоочуларга, унаабекеттеринде жана жакын жердеги базарларга барып түшүндүрүү иштерин улантабыз. Азыр ар бир имам өз мечитинде жамаатка кайрылуу жасап, колдон келишинче аракеттерин көрүүдө. Биз эң алгач өзүбүздөн баштап, андан мечит жамаатына кайрылып, кийин айдоочуларга да эскертүү максатында эл топтолгон жерлерге чыгабыз»,- деди Болот ажы.