Бишкек шаарынын имамдыра «Мухтасар-ул викоя» китебинин негизинде окуудан өтүшүүдө

Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде дин кызматкерлерине жумасына бир ирет атайын сабактар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, биздин ата бабаларыбыз кылымдар бою окутуп, окуп келген «Мухтасар-ул викоя» китебинин негизинде атайын сабак уланып жатат. Ар бир кызматкер милдеттүү түрдө катышуусу керек.

 «Бул «Мухтасар-ул викоя» китебин биздин ата бабалар, бизге чейинки аалымдарыбыз, учурда да арабызда сабак берип жүргөн устаздарыбыз дээрлик жат билет. Биз да бул китептин ичиндеги маселелер менен толук таанышуу үчүн сабактарды баштадык. Буюрса акырындап китепти аягына чыгарабыз. Аз болсо да бири-бирибизге пайда берүү, эскертүү максатында сабактарыбыз улана берет. Аны менен катар эле шаарыбыздагы төрт райондун имамдарына да ушул таризде сабактарыбыз башталды»,- деди Замир кары.