Бишкектин Ленин районунун имамдары район аймагындагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарындагы Ленин районунун мечит имамдары райондун аймагында жайгашкан аялдамаларды,  узак жолго чыгуучу таксилер токтоочу  жайларды кыдырып, айдоочуларды сактыкка  чакыруу менен  жолдо жүрүүдө жол эрежелерин сактоо жана жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчиликти сезүү боюнча эскертүү иштерин жүргүзүштү.  

Бул иш-чара Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин «Адам жаны аманат»  аталышындагы тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Эң алгач мечит имамдарына андан соң ар бир мечиттеги жамаатка түшүндүрүлүп, бүгүнкү күнү имамдар айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

«Районубуздун баш имамы Сүйүн ажы Кулуевдин тапшырмасы менен узак жолго чыгуучу айдоочуларга, такси айдаган айдоочуларга жана катардагы эле айдоочуларга да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Колдон келишинче эскерттик. Эң негизгиси айдоочулар ар бир айткан сөзүбүздү кунт коюу менен укту. Бул багытта муктаждык бар экенин түшүндүк. Биз имамдар Аллах Тааланы эскертип, сактыкка чакыра бермекчибиз»- деди райондун баш имам хатибинин орун басары Болот ажы Кулуев. 

Имадардын мындай ишине ыраазы болгон Эркинбек аттуу айдоочу буларга токтолду:

«Имамдарыбызга ыракмат айтаар элем. Биз бул кишилерди көрсөк, айткан сөзүн уксак бир гана пайда алабыз. Мен Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйм. Кээде көр тирилик деп узак жолдон келип эле толук эс албай кайра жолго чыгып кеткен күндөр да болот. Бизге мечит имамдарынын мынтип эскертүүсү жакшы болду. Мындай түшүндүрүүнү дин кызматкерлери бат-баттан жасап турса элгне жакшы болмок»-деди ал.