Азирети Муфтий: Берешендүүлүк Исламдын баалуулуктарынын бири

Бүгүн, 2-декабрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Датка айым» кайрымдуулук фонду тарабынан Эл аралык майыптар күнүнө карата уюштурулган саамалыкка катышты.

Азирети Муфтий мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө бул электр заряды менен жүрүүчү мото абдан чоң жардам экендигин баса белгилеп, «Датка айым» кайрымдуулук фондунун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Берешендүүлүк Исламдын баалуулуктарынын бири. Элибиздин бир өзгөчөлүгү жоомарттыгы, меймандостугунда. Мына сиздер ушуну улап жатасыздар. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкамалыгынын атынан терең ыраазычлык билдирем»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды сабырдуу болууга чакырып, бул Алла Тааланын сыноосу экендигин, анын белегин Алла Таала Өзү бере тургандыгын билдирди. Ошондой эле Азирети Муфтий «Датка айым» кайрымдуулук фондунун төрайымы Венера Калыбаевага ыраазычылык барагын тапшырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми фонддун төрайымы кайрымдуулук иш-чарасы маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун урматына карата уюштурулуп жаткандыгын айтып, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын 20 мото тапшырды.

«Биздин курам  ишкер айымдардан түзүлгөн. Бул кайрымдуулук иш-чарабыз Эл аралык майыптар күнүнө карата уюштурулуп, өлкө аймагынан келген 20 мүмкүнчүлүгү чектелген жараныбызга тапшыруудабыз»,-деди Венера Калыбаева.

Эскерте кетсек, «Датка айым» кайрымдуулук фонду өз ишмердүүлүктөрүн 2020-жылдын башынан тарта жүргүзүп, кайрымдуулук иштерин жасап келет.

Rio Mobility компаниясы майыптар коляскасынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, шамал менен саякаттоону каалаган майыптар үчүн адаттан тыш унаа жасаган. Бул сүйрөгүч атайын электр заряды  менен каамсыздалып,  майыптардын коляскасын шаарды толугу менен айланып өтө турган тез жүрүүчү унаага айландыра турган атайын унаа.

Сүйрөгүч моторун майыптардын коляскасына байлап коюш керек. Ал саатына 18 чакырым ылдамдыкта жүрүп, бир эле батарея заряды менен 24 чакырымга чейин жүрө алат.