Жайыл районунда «Адам жаны аманат» аттуу иш-чаранын негизинде айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Бүгүн, 2-декабр күнү Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу иш-чараны өткөрүштү.
Аталган иш-чара Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы боюнча облустагы хатибияттар тарабынан аткарылууда.

Алгачкылардан болуп Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев иш-чараны уюштуруп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте, атайын чыгарылган «Адам жаны аманат» аттуу эскертме маалымдамаларды тапшырды.

Иш-чарага имам хатиб менен биргеликте Жайыл РИИБнин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Айбек Ормокеев жана МАИ кызматкерлери катышышты. Түшүндүрүү иштери Бишкек-Кара-Балта, Кара-Балта-Полтавка, Бишкек-Ош ж.б маршруттук каттамдардын айдоочуларына жүргүзүлдү.

«Адам баласынын жаны Алла Тарабынан тарабынан берилген аманат. Эрежелерди так сактап унааны башкаралы. Анча-мынча пайда көрөм деп адамдын өмүрү менен жооп берип, бирөөлөрдүн убалына калбайлы. Унаабызга отурган адамдарды аман-эсен жеткирүү айдоочунун мойнундагы милдети»,-деди Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев.

Эске сала кетсек, «Адам жаны аманат» аттуу иш-чара бир апта ичинде облустагы бардык район жана шаардык хатибияттарда өткөрүлмөкчү.