Бишкек шаарынын имамдарына бир катар тапшырмалар берилди

Кечээ, 2-декабрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев «Мусакан Төрө» мечитинде жалпы шаардагы имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйында 2020-жыл жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу ар бир имам өз алдынча жылдын жыйынтыгын чыгаруу, кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү жана казыяттан жана Муфтияттан келген тапшырмаларды так аткаруу боюнча милдеттерди түшүндүрдү. 

Ар бир имам өз мечитинде элди ар дайым тынчтыкка, ынтымакка чакырып туруу, айдоочуларга сактык боюнча эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып баруу жана шайлоолордо элдин тынчтыгы үчүн салым кошуу сыяктуу тапшырмалар берилди.

«Бүгүн жалпы имамдар менен биргеликте бир нече маселелерди карап чыктык. Айрыкча мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү иштерин тездетүү боюнча бир чечимге келдик. Буюрса мечиттерибизди каттоодон өткөрөлү деп жатабыз»,-деди Замир кары.