Облустук казыяттардын маалымат катчылары атайын окуудан өтүшүп, аларга сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош шаарында КМДБнын Жалал-Абад, Баткен Ош облусу жана Ош шаардык казыяттарынын  маалымат бөлүмүнүн адистери эки баскычтуу окуу курсун аяктап, атайын сертификаттарга ээ болушту. 

Окуу курсу «Басма сөз кызматтардын ишмердүүлүгүндө коомдук тармактарда мультимедиялык аспаптарды колдонуу менен коомдогу чыр-чатак абалды басаңдатуу, экстремисттик идеологияга маалыматтык каршылык көрсөтүү» деген темада өткөрүлүп, аны «Журналисттер» коомдук бирикмеси уюштурду.

Айта кетсек, окуу курсу Европа биримдигинин каржылоосунун негизинде Internews уюму ишке ашырган.

Эскерте кетсек, ушундай эле окуу курсу эми Бишкек,Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустук казыяттарында 7-декабрда башаталат.