Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доганды кабыл алды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доган жана ОшМУнун «Ыйман» гимназиясынын мүдүрү Тахир Мехтиоглу Ош облусунун мусулмандар казыятына зыярат кылышты.

Тараптар менен жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери катышты.

Жолугушууда облус казысы окуу жайдын котормо жана илимий эмгектерди чыгарууда активдүү иш алып барып жатканына токтолуп, эки тараптуу кызматташууга дайыма даяр экенин баса белгиледи. Ал эми проф., док. Юсуф Доган өлкөгө сапаттуу диний кадрларды даярдоонун артыкчылыктуу багыттарын токтолду. Жыйынтыгында мындан ары кызматташуунун мерчеми талкууланды.