Бишкек шаарынын имамдарына диний экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 2-декабрда Бишкек шаарындагы «Мусакан Төрө» мечитинде Бишкек шаарындагы жалпы имамдардын катышуусунда Бишкек шаардык Ички иштер Башкы Башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда пикир алышуу болуп өттү.

Анда негизинен Кыргызстандагы диний абал талкууланып, имамдардын орду тууралуу сөз болду.  Мечиттердеги жалпы имамдар мамлекеттин тынчтыгы, бейпилдиги жана ынтымагы үчүн кошкон салымы жогору экендиги айтылды.

«Имамдарыбыз мусулмандардын ибадаттарына жооп бергендиги сыяктуу эле, жалпы жамаатты ынтымакка жана биримдикке, тынчтыкка чакырууга да милдеттүү болуп саналат. Жакынкы күндөрү өлкөбүздө шайлоо болгону турат. Шайлоого ар кандай чагымчылдыкка алдырбастан элди тынчтыкка чакыралы» -деди Эрназар ажы.