Манас райондук хатибияты «Адам жаны аманат» аталышында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 3-декабрда Талас облустук казыятынын Манас районундагы Покровка айылында райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев «Адам жаны аманат» жумалыгынын алкагында айдоочулар түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Анда айдоочуларга, жүргүнчүлөрдү ташыган такси кызматында иштегендердин жерине барып, жол эрежесин так сактоого, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун дыкат көңүл бурууга чакырды.

“Адамдын өмүрү аманат. Андыктан ошол өмүргө аяр мамиле жасашыбыз керек. Туура жүрүү, туура жашоо ар бир мусулмандардын мойнундагы парзы. Урматтуу унаа башчылары жүргүнчүлөрдүн тагдыры сиздердин колуңуздарда. Ар бириңиздер жолдо жүрүп бара жатканда кайдыгер карабасаңыздар! ”, – деди Миржалал ажы Дадабаев.