Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылынын мечити жылуулук менен камсыздалды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев Тоголок Молдо айылында мечиттерде текшерүүгө алды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун хатибиятынан билдиришти.

Маалым болгондой, Тоголок Молдо айылынын имамы Бактыбек Нургазиев кышкы мезгилге мечиттин жамаатына шарт түзүү максатында мечиттин сырткы бетине пенопласт менен каптап, ага чаптагыч тартып жылуулашкан. Ошондой эле, мечитке жана дааратканага жылыткыч орноткон.

«Айыл жергесинде дагы мечиттердин шарттары жакшырып, адамдарга ыңгайлуулук жаралганы абдан жакшы. Мечиттин иштерине жардам берген жалпы кайрымдуу адамдарга өзүмдүн атыман, Ак-Талаа райондук хатибиятынын атынан ыраазычылык билдирем. Бизде кышкы мезгил узак болгондуктан мечиттерди жана дааратканаларга жылуулук маселесине көбүрөөк көңүл бурушубуз керек»,- деди баш имам хатиб Акылбек Эсеналиев.