Таластын Үч эмчек айылында 170 орундуу жаңы мечиттин ачылышы болду

Бүгүн, 3-декабрда Талас облусунун  Талас районундагы Үч эмчек айылында заманбап жаңы мечит пайдаланууга берилди.

Анын ачылышына КР Өкмөтүнүн  Таластагы  ыйгарым укуктуу  өкүлү  Айбек Бузурманкулов, Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын иш башкарманын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев,   райондун акими Замир  Сыдыков, районун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канат жана айыл аксакалдары катышты.   

Эл менен жолугушууда Айбек Бузурманкулов мечит  жакшылыктын жөрөлгөсү болуп, жаштарыбыздын тарбиясына, элибизге руханий азык тартуулоосуна таасир берүүчү  жайга айланыша тилектештигин билдирди.

Ал эми Медер ажы өз сөзүндө жергиликтүү тургундардын жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, динибизде  элдин ынтымагы, биримдиги  биринчи орунда тураарын, андыктан  жакында боло турган шайлоодо бөлүнүп-жарылбай, акчага сатылбай, ак ниеттен адилеттүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, аталган мечит “Катар Ал Хайрия”  фондунун  демөөрчүлүгү менен салынып, бардык талапка жооп берет.