Ак-Талаанын Кара-Бүргөн айылындагы мечитке жылуулук системасы орнотулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мечитке жылытуу системасы коюулду. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев маалымдады.

Анын билдиргенине караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитинде жылуулук системасы жок болгондуктан улам кышкысын мечит жамааты кыйналып келишкен. Мечиттин жылуулугу үчүн айыл жаштары тарабынан акча чогултулуп баштаган.

«Кара-Бүргөн айылындагы мечитке жеке ишкер Мурадил Сыдыков тарабынан берилген 100 миң сомго жылуулук киргизилип бүттү. Жамааттын атынан Мурадил Сыдыковго жана жылуулукту киргизүүдө айыл жаштары Эрлан Кадыракунов жана Бакы Чокуевге ыраазычылык билдиребиз. Азыркы убакта айыл жаштары тарабынан чогултулуп жаткан акчага мечиттин ички жумуштары жасалууда»,- деди баш имам хатиб.