Ош шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга облустук казыят 10 000 сомдук акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата Ош облустук казыяты «Манас-Ата» мечити менен бирге №27 мектепте билим алып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 10 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү.

Иш-чарага казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималик Турсунбеков, казыяттын эсепчиси Майрамбек Кулуев, мектеп администрациясы, №27 мектептин эмгек жамааты катышты.

Мектеп жетекчилиги менен болгон жолугушууда Абдималик Турсунбеков ден соолуган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруунун артыкчылыктарына токтолуп, аларга кең келечек, бакыт каалады.

«Балдар биздин келечигибиз. Бүгүн биз балдарга кам көрсөк, алар эртең өлкөгө кам көрөт», – деди Абдималик Турсунбеков.

Мектеп директору Айнагүл Карабекова казыяттын жана мечиттин жамаатына ыраазычылык билдирүү менен бирге Абдималик Турсунбековго «Ыраазычылык кат» тапшырды.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыяты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл бурууну адатка айланткан. Аталган мектепке ар тараптан колдоо көрсөтүп, өткөн жылы мектептин айланасын көрктөндүрүү иштеринин алкагында казыят тарабынан 80 даана көчөт тигилген.