Ат-Башы айылынын имамы колу жука 20 үй-бүлөгө жылуу кийим-кече, азык-түлүк таратты

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы  айылынын Усман мечитинин имамы өзүнүн классташ балдары менен биргеликте кайрымдуулук ишин уюштурду. Бул тууралуу Ат-Башы районундук хатибиятынан маалымдашты.

Хатибияттан билдиришкендей, кечээ 2- декабрь күнү Усман мечитинин имамы өзүнүн классташтары менен биргеликте  кыштын алгачкы күнү деп Ат-Башы айылындагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти.

«Жалпысынан муктаж болгон 20-үй-бүлөгө азык-түлүк, 35 даана кышкы жылуу куртка жана жылуу кышкы кийимдерди дагы берилди. Кыштын келиши менен балдарына кийим кече ала албай жаткан бул үй-бүлөлөр кайрымдуулук ишине ыраазы болушуп, батасын беришти»,- деп билдиришти хатибияттан.