Нурбек кары Орунбаев: Мекенди сүйүү – ыймандан

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Абжапар Ислам институтунун проректору Алтынбек Туйчиев КРнын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин №92840 аскер бөлүгүнө барып, жоокерлерге адептүүлүк, сабырдуулук жана мекенчилдик боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өтүштү.

Жоокерлер менен болгон жолугушууда Нурбек кары Орунбаев мекен сакчыларына ыраазылык билдирүү менен бирге аскер кызматынын зарылчылыгына токтолду.

«Кыргыз эл макалы менен динибиздеги шайкеш келген хадистерибиз арбын. ‟Мекенди сүйүү ыймандан”. Бул биринчиден Пайгамбарыбыздан (с.а.в) келген хадис, экинчиден элдик макал. Жараткан Аллах өлкөбүзгө тынчтык, береке берсин», — деди Нурбек кары Орунбаев.