«Дордой» базарындагы айдоочуларга «Адам жаны аманат» жумалыгынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек шаарындагы «Хулафаи Рашидин» мечитинин имам хатиби Сыражидин ажы Шайдуллаев «Дордой» базарындагы айдоочулар менен жолугушуп, унаа башкарууда кылдат мамиле жасоого чакырды.

Сыражидин ажынын айтымында базардын аймагындагы узак сапарга чыгуучу айдоочулардын бир нечесине жолугуп, колдон келишинче түшүндүрүү иштери жүргүзгөн.  

«Дордой» базарындан узак жактарга жол алгандар, товар ташыган айдоочулар менен жолуктук. Анда жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоо өтө маанилүүлүгүнө токтолдук»,- деди Сыражидин ажы. 

Бул иштер Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан «Адам жаны аманат» жумалыгынын алкагында өткөрүлүүдө.