Баткенде «Адам жаны — аманат» акциясы өтүп жатат


Бүгүн, 3-ноябрь Баткен шаарында Баткен облустук мусулмандар казыяты район-шаарлардагы хатибияттар менен ИИМдин Баткен облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Адам жаны аманат» аталышында акция өткөрдү.

Акция алкагында дин кызматкерлери айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө адам өмүрү баалуу экендигин, жол кыймылынын эрежесин сактоо милдеттүү экендигин айтып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырды.

Ал эми жарандар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте уюштурулуп жатан «Адам жаны Аманат» аттуу акция өзүнүн жакшы натыйжасын берип, жол кырсыктарынын азайышына салым кошооруна тилектештигин билдирди.

Муну менен катар облус казысы жума баяндарында жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, айдоочунун шарияттагы орду боюнча атайын баяндамаларды жасоо керектигин баса белгилеп, бул жаатта атайын хутба даярдоо тапшырмасы берилди.

«Адам жаны аманат» аттуу акция Баткен шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу авто бекеттерде, ири көчөлөрдө улантылып, анда такси айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.