«Адам жаны аманат»! Ош шаарында айдоочуларга эскертүү берилди


Бүгүн, 3-декабрда Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинин имам хатиби Мунар ажы Акматов жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Анда Мунар ажы жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоо менен өзүн гана эмес өзгөлөрдүн өмүрүн сактап калаарын, адамдын жаны аманат экенин айтып өттү. Мындай түшүндүрүү иш-чарасын калаанын ар бир мечитинде уланып, баяндамалар жасалууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагында унаа кырсыгы кескин көбөйгөндөн улам «Адам жаны аманат» аттуу жумалык иш-чараларын өткөрүү тапшырмасы берилген. Анын алкагында дин кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүү эрежесин так сактоого чакырмакчы.