Сузак райондук хатибияты айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 3-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук хатибияты Сузак райондук ЖККнын кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин так сактоого чакырып, адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян жеткирбөө боюнча эскертүү иш-чарасын өткөрүштү.

Бул тууралуу Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара өлкөбүздүн түндүк-түштүгүн байланыштырып туруучу Ош-Бишкек-Ош жолунда жана райондун аймагында өткөрүлдү. Анда атайын даярдалган эскертүүчү буклеттер таркатылды.

“Жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу максатында райондук ЖКК кызматкерлери менен айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кышкы дөңгөлөктөрдү салууну сунуштап, өзүнүн дагы  өзгөнүн дагы жаны аманат экендигин эскерттик”,-деди Жунус ажы.