“Адам жаны аманат” апталык иш-чарасы Ысык-Көл облусунда өткөрүлүүдө

Кечээ, 3-декабрда Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери  Каракол шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте айдоочулар арасында атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чара Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан жарыяланган бир апталык  “Адам жаны аманат” аталышындагы иш-чарасынын алкагында уюштурулуп, бүгүнкү күндө көбөйүп жаткан жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Акциянын жүрүшүндө облустук казыяттын жоопту катчысы Жунус  Дюшеков,  чарба-курулуш адиси Кангелди Жусупов жана үгүт-насаат,  билим берүү бөлүмүнүн адиси Талгат Соноев Каракол шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын ага тескөөчүсү Мунарбек Асаналиев менен биргеликте айдоочуларга атайын маалымат баракчаларын таркатышып,  жол  эрежесин так сактоого чакырышты. Түшүндүрүү иштери алгач калаадагы автобекеттен башталып, андан ары шаар ичинде да уланды.

Адам жаны аманат” иш-чарасынын алкагында  биз айдоочуларга  жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө алар жоопту экенин эскертип, жол эрежесин так сактоо динде да чоң мааниге ээ болоорун түшүндүрүп жатабыз. Мындай иш- чаралар учурда облустун бардык район, шаарларында да өтүүдө. Белгилей кетсек мындай акциялар буга чейин да болуп келген жана алдыда да өткөрүлүп турмакчы,”—деди Жунус  Дюшеков.

Өз кезегинде акцияга катышкан айдоочулар да авто кырсыктардын алдын алууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң болоорун айтышып, түшүндүрүү иштерин диний кызматкерлерлер жүргүзүп жатканы өзгөчө таасирге ээ экенин белгилеп өтүштү.

“Бүгүнкү күндө авто кырсыктардын саны өсүп, чырактай өмүрлөр кыйылып жатат. Мындан улам алдын алуу иш-чаралары абдан керек. Дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү мынтип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы аябай маанилүү жана биз колдойбуз,”  — деди Каракол шаардык автобекеттин кызматкери Арстанбек Мусаев.