“Адам жаны аманат”! Майлуу-Суу шаарында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков «Адам жаны аманат» апталык иш-чарасынын алкагында шаардык жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башкы инспектору, милициянын капитаны Кадырбек Ташкараев менен биргеликте  ички жана сырткы каттамдын такси кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Майлуу-Суу шаардык хатибиятынан билдирди. Анын айтымында, кимде-ким көрсөтүлгөн эрежеден чыгып өзүн жана унаасындагыларды же башка унаадагы жарандарды же жөө жүргүнчүлөрдү кырсыкка учуратса, чоң күнөөгө батат.

«Урматтуу калк кызматын тейлеген айдоочулар. Ар бир иштин өзүнө тиешелүү эрежеси жана тартиби бар. Өзүңөргө маалым болгондой эле жолдо жүрүүнүн эрежелерин так жана туура сактасак биз көптөгөн кырсыктардын алдын алабыз. Шариятыбызда өзүн-өзү өлтүрүү же адам өлтүрүү чоң күнөө болуп эсептелет.  Ошондой эле кимде-ким көрсөтүлгөн эрежеден чыгып өзүн жана унаасындагыларды же башка унаадагы жарандарды же жөө жүргүнчүлөрдү кырсыкка учуратса, чоң күнөө кылган менен барабар. Ошондуктан өзүбүздүн жана башкалардын жанына кыянат кылбайлы”,-деди Абсатар ажы.