«Адам жаны аманат» жумалык иш-чарасы Базар-Коргон районунда уланды

Бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон райондук хатибиятынын кызматкерлери  райондук ЖККнын кызматкерлери менен биргеликте  «Адам жаны аманат» иш-чарасын  өткөрдү. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, Базар-Коргон-Бишкек каттамындагы  такси кызматкелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

«Аллах Таала инсанды 360 муундан жараткан жана ар бир мүчөбүзгө тиешелүү өзүнчө аткара турган кызмат берген. Ар бир мүчөбүз бизге аманат болуп, барктай, баалай, сактай билишибиз зарыл. Ошол эле учурда башка жарандардын дагы өмүрүнө жана ден соолугуна кайдыгер карабастан, денебиздин бир мүчөсүндөй сезишибиз керек»,-деди Тынчтыкбек ажы.