Калыс-Ордо мечитинин имамынын демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү

Кечээ, 3-декабрь күнү Бишкек шаардык казыятына караштуу Калыс-Ордо жаңы конушундагы «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин демилгеси менен «Майыптарды коргоо күнүнө» карата кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага жаңы конушта жашаган тургундар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелеген жарандар катышышты. Жалпы конушта жашаган жарандардын арасында түзүлгөн фонддун эсебинен 65 кишиге атайын тамак-аш уюштурулуп, 1 кишиге коляска белек катары берилди. 

«Биздин конуштун жашоочулары арасында ыктыярдуу фондубуз бар. Ай сайын мүчөлүк төлөмүн берип турат. Мына бүгүн да 1 кишиге майыптар үчүн коляска сатып алып белек кылдык. Бир кой союп муктаждарга этин таратып бердик. 65 кишиге тамак-аш уюштуруп, аз болсо да элибиздин ынтымагын бекемдөө, кыйналган кишилерге жардам колун сунуу, бири-бирине көмөктөшүүнү арттырууну максат кылып жатабыз. Элибиздин ынтымак биримдиги дайым жана бекем болсун»,-деди Нурбек ажы.