КМДБнын Орусиядагы өкүлү иш сапары менен Саха Республикасына барып, мекендештерибиз менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Якутияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда КМДБнын Орусиядагы өкүлү Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин  саламын жолдоп, “Үй-бүлөнү сактоо”, “Аадал ырыскы”, “Ынтымактуулук”, “Балдардын тарбиясы”, “Экстремизмге каршы күрөшүү”, “Ханафий мазхабын терең үйрөнүү”, “Мусулмандардын жашоосунда Курандын орду” темалары боюнча кеңири маалымат берди. Муну менен катар Сүйүмбек ажы Жусубалиев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, Муфтиятка кайрылууга чакырды.

«Кыска өмүрүбүздө мамлекетибизге, элибизге пайдабыз тийсин деп жашайлы. Балдарды ыймандуу тарбиялап, үй-бүлөлүк институтту бекем сактайлы. Эң негизгиси бири-бирибизге боор болуп, кыйынчылыкта жардам берели»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Эскерте кетсек, Якутияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуу Саха Республикасынын Азирети Муфтийи Муса Саговдун чакыруусу менен уюштурулган.