КМДБнын Орусиядагы өкүлү Саха Республикасынын Азирети Муфтийи Муса Сагов менен жолугушуп, Дин Башкармалыктардын кызматташуусун талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Саха Республикасынын Азирети Муфтийи Муса Сагов менен жолугушту. Алгач КМДБнын Орусиядагы өкүлү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жана кыргыз элинин саламын жолдоп, Якутияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендигине ыраазычылыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө жана улуттар ортосундагы достукту чыңдоо жаатында пикир алышты. Муну менен катар Дин Башкармалыктардын ортосундагы байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жаатында сүйлөшүшүп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууну мындан дагы бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Андан соң  КМДБнын Орусиядагы өкүлү  Якутск шаарынын имамынын орун басары Нурдинов Нурдин Магомедович менен жолугушуп, кызматташтык жаатында пикир алышты.

900