Жети-Өгүз айылынын тургундары жесир аялдын үйүн оңдотуп беришти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылынын мечитинин жамааты жергиликтүү жаштар менен биргелешип, кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

Анын алкагында, демилгечилер Жети-Өгүз айылындагы жардамга муктаж, жесир аялдын кожолугун ирээтке келтирип, үйнүн терезелери менен чатырын жаңыртып беришти. Бул тууралуу аталган райондун баш имам хатиби  Талантбек Акылбек уулу маалымдады.

Жети-Өгүз айылынын мечитинин жамааты жергиликтүү демөөрчүлөр менен бирге жалпы 55 миң сом топтогон. Анын 45 миңин чатыр алмаштыруу үчүн темир алууга жана пластик терезелерди орнотууга жумушашса, калганын жардам катары акчалай беришти,”— деди   райондун баш имам хатиби.