Абдурахман ажы Анаркулов: Өзүңөрдү өз колуңар менен кыйроого салбагыла


Чүй облусунун мусулмандар казыятынын тапшырмасына ылайык, облуска караштуу Аламүдүн районунда «Адам жаны аманат» аттуу иш-чаранын негизинде, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Адамүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов маалымдады.

Анын айтымында, иш-чара Аламүдүн хатибиятынын кызматкерлери жана жергиликтүү жол коопсуздук кызматкерлери Кудайберген Арзыматов жана Руслан Мамыркуловтун катышуусунда ишке ашты.

Иш-чара алкагында жергиликтүү маршруттук каттамдын айдоочуларына жол эрежесин сактоого чакыруу менен бирге, атайын эскертме маалымдамалар тапшырылды.

«Эскертүү бул – ыймандууга пайда берет демекчи, учурда жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу, дин кызматкерлери да мындай жаман иштин алдын алууга жардам берели деген максатта, КМДБ жана казыяттын тапшырмасы менен аталган иш-чараны уюштурдук. Албетте, биз тараптан бир аз арекет болсо, анын натыйжасын Жараткан Аллах Өзү берет. Ыйык Куранда: «Өзүңөрдү өз колуңар менен кыйроого салбагыла»,-деген эскертме бар. Мына ошонун негизинде, айдоочуларга жол эрежесин сактоого, өз колубуз менен кыйроого батып кетпейли деп эскертүү бердик», — деди баш имам хатиб Абдурахман ажы Анаркулов.