Жети-Өгүз районунун 10дон ашуун айылында ысырапкорчулукка бөгөт коюлду

 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ысырапкорчулукка бөгөт коюу багытында жергиликтүү хатибияттын  өкүлдөрү жана имамдар  жигердүү  аракеттерди  көрүп жатышат.

Тактап айтканда дин өкүлдөрү жакшылык, жамандыктарда ашыкча чыгашанын санын азайтуу боюнча эл арасында  түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Аталган демилге райондогу айыл аймактардын башчылары жана жаштар комитетти өңдүү уюмдар тарабынан колдоого алынып, учурда 10дон ашуун айылда той-топур, өлүм-житимде коротула турган ашыкча чыгашалардын саны кыскарды. 

Бул тууралуу  райондун баш имам хатиби  Талантбек Акылбек уулу билдирип, азыркы учурда да ысырапкорчулуктун алдын алуу иштери улантылып жатканын билдирди.

“Ысырапкорчулук — учурда коомчулук арасындагы эң чоң көйгөлөрдүн бири. Тилеке каршы колунда бары да, жогу да элдин сөзүнө калуудан коркуп, жамандык, жакшылыктарда ашыкча чыгашага дуушар болушат. Буга динде да тыюу салынган. Мындан улам биз район аймагында атайын түшүндүрүү иштерин өткөрүп, аталган көйгөйдүн алдын алуу багытында бар аракетибизди жумушап жатабыз. Бүгүнкү күндө аталган иштердин акыбети кайтып, алгылыктуу жыйынтыктар болуп жатат»,-деди Талантбек Акылбек уулу.

Айта кетсек, учурда Жети-Өгүз районунун  8 айылында маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча атайын тартип иштелип чыгып,  ысырапкорчулук  токтотулду жана  башка аймактарда да түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Алсак, 4-декабрда Липенка Богатыровка жана Ичке-Булуң айылынын тургундарына жыйын өткөрүлүп, ашыкча ысырапкорчулукту азайтуу боюнча эреже иштелип чыкмай болду.