“Адам жаны аманат” акциясы Ысык-Көл районунун үч айылында өткөрүлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленген “Адам жаны аманат” акциясы Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында да болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев жана аталган айылдын имамы Жарашбек Асанбеков Бишкек- Григорьевка каттамындагы маршуруттук таксилердин  айдоочуларына жол эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын даярдалган маалымат баракчаларын таратышты.

Ушундай эле иш-чара Ысык-Көл районунун Бает айылында да орун алып, ал жактын имамы Адилет Жаныбеков жергиликтүү такси кызматынын айдоочуларын  жол эрежелерин сактоого чакыру менен алар ташып жүргөн жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана  саламаттыгына жоопту болушаарын эскертти.