Ысык-Ата районунда «Адам жаны аманат» аттуу иш-чара өткөрүлдү


Учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыктан, жалпы дин кызматкерлери Кыргызстан боюнча анын ичинде Чүй өрөөнүндө дагы айдоочулар арасында атайын түшүндүрүү иш-чараларын талыкпастан жүргүзүп, адамдын жаны аманат экендигин эскертүү максатта «Адам жаны аманат» аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат.

Бул жолу аталган иш-чара Ысык-Ата районунун хатибияты тараптан уюштурулуп, ага жергиликтүү ЖКККнын кызматкерлери көмөк көрсөтүштү.

Хатибияттан келген маалыматка ылайык, иш-чара алкагында райондук хатибият кызматкерлери ЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга жол эрежелерин сактоого чакырып, атайын эскертме маалымдамаларды тапшырышты.

«Ар бир жан өлүм даамын татуучу. Бирок, ошондой болсо да адам жаны Кудай тараптан берилген аманат болот. Аны колдон келишинче сактоого биз милдеттүүбүз. Кокустан жол эрежесин бузуп, кандайдыр бир нерсеге учурап калсак, ал үчүн Жараткандын астында жооп беребиз. Мына ушундай эскертүүлөр менен райондогу айдоочуларга барып, аларга түшүндүрдүк»,-деди баш имам хатиб Бактыбек ажы Убабеков.