«Биримдик Токмок» жана Токмок хатибияты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сый тамак уюштуруп беришти


Чүй облусуна караштуу Токмок хатибияты «Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин жааматы менен биргеликте «Эл аралык майыптар күнүнө» карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сый тамак уюштурушту. Бул туурасында Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара алгач шаардагы «Умида» кафесинде өтүп, келген балдарга майрамдык маанай тартууланды. Андан кийин Токмок шаарындагы «Дом ребенка» мекемесиндеги 61 балага түшкү ысык тамак берилген.

«Кудайым буюрса мындай иш-чараларды токтотпостон уланта бермекчибиз. Салым кошуп жаткан ар бир жаранга терең ыраазычылык билдиребиз. Мындай соопчулук иштерин дайыма уштуруп турушубуз керек. Анткени булар жардамга муктаж», -деди баш имам хатиб Имиржан ажы Касымов.