Мураталы ажы Мансуров: Ар бир айдоочу унаага отурган жүргүнчү үчүн жооптуу экендигин унутпаса

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибияты шаар тургундары үчүн кызмат көрсөткөн айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кырсыктарын болтурбоого чакырышы.

“Ар бир айдоочу унаага отурган жүргүнчү үчүн жооптуу экендигин унутпаса. Ал бирөөнүн апасы же атасы болушу мүмкүн. Акыркы мезгилдерде жол кырсыгынын көбөйүүсү адамдын зээнин кейитпей койбойт. Андыктан бара турган жерибизге 10 мүнөт кечиксек дагы шашпастан баруубуз зарыл”-деди шаардын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров.

Муну менен катар баш имам хатиб айдоочуларга болгон түшүндүрүү иши республика боюнча жүрүп жаткандыгын билдирип, айдоочуларды этияттыкка чакырды.