Нарындын казысы Мамбетасан ажы Ибраев ДИМКтин Нарын облусундагы өкүлү менен жолугушуп, диний кырдаалды талкуулашты

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусундагы өкүлү Бегимай Бектурова менен жолугушуп, диний кырдаал, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча пикир алышты.

Анда, облус казысы  Нарын облусунун аймагында диний кырдаал туруктуу экендигин, коронавирус илдетине байланыштуу иштер аткарылып, сактык чаралары сакталып жатканын жана ошондой эле Нарын облустук казыяты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген буйруктардын негизинде  иш алып барып  жатканын билдирди.

«Сизди  дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын облусундагы өкүлү кызматка дайындалышыңыз менен  куттуктайм. Бүгүнкү күндө облус аймагында диний абал туруктуу, бардыгы көзөмөлгө алынган. Облус аймагында бүгүнкү күндө мечиттердин каттоосу улантылууда. Мечиттердин каттоосуна жардам бериңиздер, себеби кээ бир аймактарда мечит салабыз деп эч кандай уруксат кагазын албай эле мечит салып, документтештирбей койгон учурлар болууда. Сиздер  ушул тарабын дагы көзөмөлгө алганга жардамдашсаңыздар«,- деди облус казысы

Ал эми, ДИМКтин  Нарын облусундагы өкүлү Нарын облусунун казысына  ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы тыгыз кызматташууга, мечиттердин катоосуна жардам берүүгө даяр экенин билдирди.