Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 20-жылдан бери төшөктө жаткан Акылбек Акматалиевди зыярат кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 20-жылдан бери төшөктө жаткан Акылбек Акматалиевди зыярат кылып, ал абалынан кабар алды. Азирети Муфтий Акылбек Акматалиевди сабырдуу болууга чакырып, муну сыйлыгын Алла Таала Өзү бере тургандыгын билдирди.

Ал эми Акылбек Акматалиев мындан 20 жыл мурда кырсыктан улам эки буту иштебей калгандыгын, ал кезде кызы 1 жашта болгондугун айтып, Азирети Муфтийдин зыяратына ыраазычылыгын билдирди.

«Ооба, бул мага берилген сыноо. Мен Алла Таалага шүгүр кылым, себеби 5 убакыт намазым бар, кызым, жубайым кашымда. Кайдыгер эмес мусулман бир туугандарым дайыма зыярат кылып турушат»,-деди Акылбек Акматалиев.