Ош облусунда «Абдыжапар» Ислам институнун окутуучуларына отчеттук жыйыны болуп өттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык аймагында «Абдыжапар» Ислам институнун окутуучуларына 2020-жылдын сентябрь, октябрь жана ноябрь айларында онлайн окутуулардын жүрүшү боюнча интститут ректору Нурбек кары Орунбаевге отчет тапшырышты.

Иш-чарада институттун эмгек жамааты онлайн окутуунун мүчүлүштүктөрү, кемчиликтери жана артыкчылыктары боюнча сөз козгошту.

«Студенттердин айрымдарына интернетке кирүү көйгөй болсо, айрымдары айыл чарба иштери боюнча алектенип окууга толук убакыт бөлө алыша албады. Аларды толук көзөмөлдөө кыйынга туураары анык. Бирок ата-энелердин жардамдары аркылуу бул маселе чечилип, баштапкы күндөргө салыштырмалуу өз нугуна түшө баштады», — деди окуу иштери боюнча бөлүм башчы Эрназар Тазабек уулу.

Жыйындын соңунда ректор ар бир курстун кураторлоруна тапшырмаларды берип, сабактын жүрүшү кандай гана кыйынчылыктары болбосун КМДБ тарабынан бекитилген программанын негизинде мыкты деңгээлде иш алып баруу зарылчылыгын  баса белгиледи.