Талак маселеси

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Үй-бүлө мамлекеттин эң кичинекей бирдиги болуп эсептелет. Үй-бүлө бекем болсо, коом да бекем болот. Ислам дини үй-бүлөлүк баалуулуктарга абыдан маани берет. Куранда жана пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өрнөктүү өмүрүндө бактылуу үй-бүлө модели көрсөтүлгөн. Алла Таала: «Бейпил өмүр сүрүүңөр үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго сүйүү отун тутандырышы да – Анын (Алланын) бар экендигине өзүнчө жышаана»[1] деп билдиргени эмне деген улуу даанышмандык?! Демек, динибиз үй-бүлө пайдубалынын бекем болушу үчүн бардык аракетти көргөн. «Аял жакшы – эр жакшы» дегендей, өмүр шериги болгон соң, жубайлар бири-бирине жакшы мамиле кылып, бири-бирин урматтап, сүйүп, түшүнүп, кадырлашы керек. Шарият мүмкүн болушунча үй-бүлөнү бекем сактоого буйруп, анын бузулушуна себеп болчу ар кандай жорук-жосунду четке кагуу менен бирге оор жазаларды коет. Мына ушунун баары ислам дининин үй-бүлө институтуна канчалык маани бергенин көрсөтөт. Алладан корккон такыба инсан үй-бүлөсүн баарынан бийик коет жана аны сактап калуу үчүн колунан келген аракетин кылат.

Бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, дайыма эле момундун сакасы айкүр түшө бербеши мүмкүн. Үй-бүлөсүн сактап калууга канчалык далбас кылса да турмушу бузулуп, эркек менен аял чогуу жашай албай турган жагдай жаралышы мүмкүн. Ал тургай кээ бир себептерге байланыштуу, аял менен эркектин башка жолго түшкөнү абзелирээк болуп калат. Дал ушул жагдайда талак маселеси көтөрүлөт…  

Талак – сөздүктө «бош калуу», «бошотуу» деген мааниге келсе, терминологиялык мааниси белгилүү сөздөр менен нике келишиминин бузулушу дегенди туюнтат. Башкача айтканда, чогуу түтүн булатып жаткан тараптардын келишиминин соңуна чыгышы. Талак Кураний маселе болгондуктан,[2] фикхтеги олуттуу маселе катары каралат жана «китабут-талак» деген өзүнчө бөлүмдү түзөт.

Азыркы тапта мечиттерге, казыяттарга, Муфтиятка келген кайрылуулардын дээрлик токсон пайызы талакка байланыштуу болууда. Айрымдардын бул маселени өтө жеңил кабылдап, оюнчук көрүп алганы жан кейитет. Ал тургай кээ бирлердин адам укугун аңдабай, ар-намысты баамдабай туруп, талак өкүмүн шылдыңдоого чейин баргандарын көрүп, жакаңды кармайсың. Мунун себеби талак маселесинин олуттуулугун түшүнбөгөндүктөн келип чыгууда.

Ислам дини үй-бүлө курууга жана аны сактоого канчалык кызыктар болсо да, бирок күйөө же аял бир болууну каалабаса, анда ажырашуу укугун колдонушу мүмкүн. Себеби, биздин динибизде чиркөө буюргандай, тараптар кааласа да, каалабаса да өмүр бою бирге жашайт деген мажбурлоо да, чектөө да жок. Мисалы, күйөөсүнүн ала жипти атташы же аялдын күйөөсүнүн көзүнө чөп салышы, же болбосо аялдын абдан начарлыгы же күйөөнүн кызыл камчылыгы ж.б. факторлор үй-бүлөнүн ыдырашына себеп болушу мүмкүн. Буга алкоголдук ичимдиктер да өз «салымын» кошуп келет. Ажырашуу – маселенин чечүүнүн бирден бир жолу болуп калган жагдайда, насс көрсөткөндөй ажырашууга туура келет.

وَاِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَٓاءَ فَبَلَغْنَ اَجَلَهُنَّ فَاَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ اَوْ سَرِّحُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَلَا تُمْسِكُوهُنَّ ضِرَاراً لِتَعْتَدُوا وَمَنْ يَفْعَلْ ذٰلِكَ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ وَلَا تَتَّخِذُٓوا اٰيَاتِ اللّٰهِ هُزُواً وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللّٰهِ عَلَيْكُمْ وَمَٓا اَنْزَلَ عَلَيْكُمْ مِنَ الْكِتَابِ وَالْحِكْمَةِ يَعِظُكُمْ بِه وَاتَّقُوا اللّٰهَ وَاعْلَمُٓوا اَنَّ اللّٰهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَليمٌ۟ ﴿٢٣١﴾

Аялдарыңарга талак берсеңер, мөөнөтү жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла же алардан жакшылык (жакшы мамиле жасап, адептүүлүк) менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла.[3] Кимде-ким ушул ишти жасаса,[4] чындыгында өзүнө-өзү зулумдук кылган болот.[5] Алланын аяттарын азил кылбагыла! Ошондой эле Алланын силерге берген жакшылыктарын, силерге насаат кыла турган Китепти жана даанышмандыкты түшүргөнүн эстегиле! Алладан корккула, акыйкатта Алла бардык нерсени Билүүчү экенин билгиле».[6]

Момун-мусулман болор-болбос көйгөй үчүн талак бербеши зарыл. Өзгөчө эркек сабырдуулук менен, токтоолук менен терең ойлонуп, акылдуулук менен чечим кабыл алышы керек. Себеби, динибиз талак берүүнү негизинен эркекке берген эмеспи. Эркек сезимдерине жеңдирбейт, ачууга алдырбайт, ойлонуп иш кылат. Анткени анын табияты ошого ылайык жаратылган. Муну талак берүү эркекке гана берилген укук деп түшүнбөө керек. Эгерде аял күйөөсү менен чогуу жашагысы келбесе жана бирге түтүн булатууга эч кандай негиз калбаса, (айталы, кордук көрсө) анда сот аркылуу ажыраша алат. Ажырашуу деген сөз айтканга оңой болгону менен бир бүлөнүн кыйрашын туюнткан өтө оор жараян…

Талак үй-бүлө жашоосунун уланып кетишине карай рожий жана баин деп экиге бөлүнөт. Рожий талак бул – жубайлардын кайрадан биригишине уруксат бериле турган талак. Жубайлар идда мөөнөтүнүн (үч айыздык убакыт) ичинде ортодо нике кыйдырбай  эле, кайрадан жашай беришсе болот, ал эми эгерде идда мөөнөтү өтүп кетсе, жубайлардын кайрадан нике кыйып кошулуусуна уруксат берилет. Бул шариятта “ружъу” деп аталат.

Ал эми баин талак – бул кайрадан нике кыйылмайынча, жубайлардын кошулуусуна шариятта уруксат берилбей турган талак. Жубайлардын кайрадан кошулуусуна бир же эки талак берген учурда уруксат берилет (аль-байнунатус-сугра), ал эми күйөөсү аялына үч талак бере турган болсо, жубайлар биротоло ажырашып кетишет. Үч талактан соң жубайлардын кайрадан кошулуусуна мүмкүн болбой калат. Мындай талак “мугаллаза талак” деп аталат.[7] Же болбосо «аль-байнунатул-кубра» (чоң ажырашуу) деп аталып, мындай шартта эгерде жуптар кайрадан жарашууну кааласа, аял башка күйөөгө тийип, андан ажырашкан соң гана кошулушу мүмкүн. Себеби, бул өтө олуттуу маселе.[8] Талак маселеси Куран жана сүннөткө ылайыктуулугу жагынан ахсан, хасан жана бидъий деп үчкө бөлүнөт.

Ахсан талак – эркек таза абалдагы[9] аялы менен кошулбастан бир жолу талак берген соң кийинки жолу талак бербей, (рожий болсо) аялы менен жашоосун уланта алат. Эгерде баин талак болсо же болбосо идда мөөнөтү бүтүп калган болсо, тараптардын өз ара ыраазылыгы менен кайрадан нике кыйдырып, жашап кете алат. Ахсан талактын өзгөчөлүгү үй-бүлөнүн бузулбашынын жана балдардын томсоруп калбашынын алдын алгандыгында.

Хасан талак – ахсанчалык жакшы эсептелбеген, бирок сүннөткө туура келген ажырашуу түрү. Бул эркектин таза абалдагы аялына ар идда мөөнөтү өткөн соң бирден талак бериши. Үчүнчү жолу талак берүү менен нике абсолюттуу түрдө токтойт. Хасан талактын өзгөчөлүгү өкүнүчтүн адын алуу жана үй-бүлөнү сактап калуу үчүн атайын убакыт каралганында жатат. Айрым аалымдар ахсан жана хасан талакты бир категорияда, тактап айтканда сунний категориясында карап, талак маселесин сунний жана бидъий деп экиге бөлөт.[10] Сунний дегенде жогоруда айтылгандай, шарияттык жол-жобого ылайык ажырашуу деп түшүнсөк болот. Мисалы, таза абалда ажырашуу,[11] идда мөөнөтүн күтүү[12] ж.б. Сунний талактын өзгөчөлүгү жубайлардын ачуу үстүндө же убактылуу таарыныч себептүү ажырашып кетүүсүнө тоскоол болуп, ойлонуп-толгонууга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, аялдын этек кири келгенде же боюна болгондо, анын мүнөзүндө психологиялык өзгөрүүлөрдүн жүрүшү эске алынат жана мындай кырдаалда талак берүү жактырылбайт.

Ал эми, бидъий талакка сүннөткө жалгашпаган талак түрлөрү кирет. Мисалы, аялы менен кошулгандан көп өтпөй же болбосо аялдын этек кири келип жатканда берилген талактар. Буга бир заматта үч талак берүү да кирет. Катары менен үч талак берүү сүннөткө каршы иш эсептелсе да, талак түшөт.[13]  

Талак – ажырашууну туюнткан жагынан сарих (ачык) жана киная (кыйытма) деп экиге бөлүнөт. Сарих талак дегенибиз «ажыраштым», «талак бердим» деген сыяктуу ачык сөздөр. Ал эми киная дегенибиз, «жогол», «бошсуң», «көзүмө көрүнбө» деген сыяктуу сөздөр айтылса, анда айтуучунун ниетине карап чечим кабыл алынат. Эгерде талак ниети менен айткан болсо, анда нике бузулат.

Талактын фикхий өкүмү боюнча деталдуу маалымат берип отурсак, сөзүбүз узарып кетет. Ошондуктан суроо-жооп иретинде жалпы маалымат берүү менен жыйнтыктайлы.

  1. Талакта эң маанилүү маселе эмне?
  2. Сөз (сига). Айрым учурларда жазуу же ишаара да сөз ордуна өтүшү мүмкүн.
  3. Эгерде сөз так эмес болсочу?
  4. Анда ниетке каралат.
  5. Кандай сөздөр ажырашуу сөздөрү болуп саналат?
  6. “Мен сага талак бердим”, же  “Мен сени менен ажыраштым” же “Сен ажыраштың” д.у.с.
  7. Удаасы менен берилген үч талак бир талактын өкүмүндө жүрөбү?
  8. Жок, бул нике бузулду деген сөз.
  9. Жөн гана ичинен ниет кылып коюу менен талак өкүмү жүрөбү?
  10. Жүрбөйт.
  11. Эгерде кимдир-бирөө талак эмне экенин билбей туруп «талак бердим» десе, анын сөзү жарактуу болуп эсептелеби?
  12. Жок.
  13. Ойноп же тамашалап талак берсе түшөбү?
  14. Ооба (жумхур уламанын пикиринде)
  15. Талак ачуу үстүндө айтылган болсо түшөбү?
  16. Ооба.
  17. Мас абалда талак берсе түшөбү?
  18. Ооба (Бирок Тахави жана Кархи сыяктуу айрым аалымдар эмне айтканын билбеген ылжыган мастын талагы өтпөйт[14] дешет).
  19. Жуптар ажырашып жатканда күбөлөрдүн катышуусунун өкүмү эмне?
  20. Мандуб
  21. Телефондон аралыктан сүйлөшүү аркылуу талак берсе түшөбү?
  22. Ооба. 
  23.  «СМС» талактын өкүмү кандай?
  24. Бул «мустабийна жазууга» кирет жана  «кимден»  жана  «кимге»  экендиги анык белгилүү болсо, анда талак түшөт.[15]

Үй-бүлө курулуп жатканда бир сөз менен нике түшкөндөй эле, бир сөз менен нике бузулуп кетиши мүмкүн. Демек, мусулман тилге этият болушу керек. Себеби, тил ошончо макулуктун ичинен адамга гана берилген нимат-жакшылык. Адам баласы тили менен динге кирет же чыгат. Алла Таала инсанды урматтуу, кадырлуу макулук кылып жаратып, ага сүйлөөнү (калам) үйрөткөн. Демек, момун-мусулман тилге маани берип, сөздү кылдат сүйлөшү керек. «Айтыла элек сөз сенин кулуң, айтылган соң сен анын кулусуң» деген улуу кеп бар. Бабабыз Жусуп Баласагын:   

«Тил арыстан босогодо комдонгон,

Бошоп кетсе өзүңдү да жеп койгон»

— деп бекеринен айтпаса керек. Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышат. Анан болор-болбос маселе үчүн талак берүүгө шашуу Аллага жакпаган иш.

أبغض الحلال عند الله الطلاق

«Талак – адал нерселердин ичинен Аллага эң жагымсыз нерсе»[16]

Мусулман пендеси турмуш куруп жатканда психологиялык, физиологиялык, колдон келсе социалдык жактан даяр болушу керек. Анткени турмуштун өйдө-ылдыйында жыгылбай, ысык-суугуна туруштук бериши зарыл. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) үйлөнүүгө, бирок ажырашпоого чакырып, Алла Таала кумар үчүн гана баш кошкон эркек жана аялды сүйбөшүн айткан.[17]

Жыйынтыктап айтсак, талак – аял-эркек бирге жашай албай турган деңгээлге жеткенде кайрыла турган акыркы чара жана олуттуу диний өкүм. Бул өкүм үй-бүлөдөгү бүтпөгөн конфликте чекит коюп, эрди ажаан аялдан куткарат же болбосо зөөкүр эрге кор болгон аялдын укугун коргойт. Бирок, бул деген сөз талакты өтө жакшы нерсе дегендикке жатпайт. Талак Алла сүйбөгөн адал нерсе экенин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Бул боюнча каалайыкка терең жана кенен маалымат берүү учурлаш маселе бойдон калууда. Бүгүнкү күндө көп катталып жаткан ажырашуу фактыларынын себеби, тараптардын психологиялык жактан жетилбегени, социалдык жетишпестиги жана диний сабатсыздыгы экени маалым. Демек, жалпыбыз дал ушул көйгөйлөр менен жапа тырмак күрөшүүбүз зарыл. Айрыкча динди тар жана жаңылыш түшүнүү көптөгөн түшүнбөстүктөргө жол ачышы мүмкүн. Анын ичинде талактын да оюнчук эмес, кураний маселе экенин мыктылап түшүндүрүү керек. Мына ошондо маселелерди чечүүчү ӨКҮМДҮ тескерисинче маселе жаратуучу өкүмдөй кабылдаган жаңылыш стреотип жоголмок.

Кудай таалам жалпыбызга туура жолду көрсөткөн болсун. Үй-бүлөлөр кыйрап, бейкүнөө балдар тирүүлөй жетим калбасын. Кургуйдун да уясы бузулбасын.

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] Рум сүрөсү, 21

[2] Бакара сүрөсү, 228-232, 236-237, 241; Талак сүрөсү, 1-2

[3] Талагын бербей же чогуу жашабай, аялыңарды «асылган абалда» арасат (ары эмес же бери эмес) калтырып кыйнап, зулумдук кылбагыла

[4] Аялына таш боордук кылса, кыйнаса, чектен ашса

[5] Аны Алла Таала сөзсүз кыйнайт

[6] Бакара сүрөсү, 231

[7] 31.10.2019: https://muftiyat.kg/articles/12661/

[8] Бул маселеде амалданып, бирөөгө жалган нике кыйдырып, кайра талак бердиртүү менен (мисалы, «Клон» сериалында чагылдырылгандай) ишке ашыруу укуктук жагынан туура каралганы менен адеп-ахлактык жагынан өтө одоно иш. Себеби, талакты оюн кылуу күнөө болуп саналат.

[9] Тагыраагы, этек кири келип, токтогондон кийинки тазаланган абалы боюнча сөз болууда

[10] Абдулгани ал-Майдани, аль-Лубаб Шархул-Китаб, III, 37

[11] Бухари, Талак, 1

[12] Талак сүрөсү, 1

[13] Кененирээк караңыз: İslam Ansiklopedisi// Ибрахим Ажар, «Талак». Түркия Диянет Фонду, https://islamansiklopedisi.org.tr/talak

[14] Ибн Рушд, Бидая, II, 82; Ибнул-Хумам, Фатх, III, 470; Шавкани, Найнул-Автар, VIII, 189 vd.; Ибн Кудама, аль-Мугни, X, 347-348

[15] Чубак ажы Жалилов, «Бактылуулуктун формуласы», 2-басылыш. Бишкек 2014, 45-50- бб

[16] Абу Дауд, Талак, 3

[17] Хайсами, Мажмуа уз-Завааид, IV, 335