Ноокендин Чоң-Багыш айылынын тургундары мамлекетибиздин тынчтыгы жана ар кандай оорулардан алыс болуу максатында түлөө өткөрүштү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу  Сакалды айыл аймагынын имам хатиби Курманбек Жолдошевдин демилгеси менен Чоң-Багыш айылынын тургундары мамлекетибиздин тынчтыгы,  ар кандай  оорулардан алыс болуу максатында жана элибиздин амандыгы үчүн түлөө өткөрүштү. Бул туурасында бүгүн, 8-декабрь күнү Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында жергиликтүү тургундар мал союшуп, анын этин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратышкан.

“Жакшы ниет жарым ырыс. Жараткан Алла Таалага кайрылып дуба кылып, мамлекетибиздин эртеңки келечеги, ар кандай оорулардын келбөөсү үчүн түлөө өткөрүп, анын этин  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тараттык”,-деди айыл имамы.